• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтөт

Билим 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 25-майында Бишкектеги Эмен паркында адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, фестивалга өлкөнүн бардык аймагынан 12 колледж жана 19 лицей катышат.

Иш-чаранын максаты — артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, абитуриенттерди колледждерге жана лицейлерге кабыл алуу өнөктүгүнө колдоо көрсөтүү.

Ошондой эле иш берүүчүлөрдү кесиптик билим берүү системсын өнүктүрүүгө тартуу.

Фестивалдын программасында колледж, лицейлердин кесипке багыт берүү көргөзмөсү, адистиктер жана педагогикалык чеберчилик борборлору тууралуу презентациялар, иш берүүчүлөрдүн баяндамалары ж.б. камтылган.

Аталган фестиваль Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында өткөрүлөт.

Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натайжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий