• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте административдик-аймактык түзүлүштүн жаңыланган долбоору сунушталды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 5-июлундагы № 370 буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоонун баскычтуу «жол картасын» ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн модели сунушталды, ага эки багыт киргизилген:

- мамлекеттик башкаруунун жаңыланган тутуму, ал бийликтин таасирдүү вертикалын түзөт;

- жаңы администратиивдик-аймактык бөлүштүрүү башкаруу тутумун реформалоону ишке ашырат. Ошону менен бирге башкаруучулук реформа административдик түзүлүштөрдүн чек араларына карата баштапкы жана башкы милдет болуп саналат.

Жыйындын жүрүшүндө административдик-аймактык түзүлүштүн жаңыланган долбоорун даярдоо боюнча иштерди жүргүзүү учурунда келип чыккан суроолор талкууланды.

Долбоордун бет ачарынын жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул жумушчу топтун кийинки жыйынына райондук деңгээлдеги административдик-аймактык түзүлүштүн жаңыланган долбоорун даярдоону сунуштады.

Ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрүнө министрликтердин жана административдик ведомстволордун жооптуу кызматкерлери менен биргеликте жакын арада жер-жерлерде мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларын жана түзүлүштөрүн тыкыр талдоо жүргүзүү максатында республиканын аймактарына сапар уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн моделинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча тиешелүү сунуштарды иштөө тапшырылды.

Ушуну менен бирге бул сапардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн долбоорун толуктап иштеп чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий