• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Афганистандагы кырдаалды талкуулаган алгачкы эксперттик конференция өттү

Саясат 0


Бишкек, 05.11.21. /Уланбек Турдуканов – Кабар/. Кечээ, 4 ноябрда Бишкекте “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борбору тарабынан “Афганистандагы кырдаалдардын алкагында жаңы геосаясий шарттардагы Борбордук Азия өлкөлөрү” аталышындагы аймактык эл аралык эксперттик конференция өткөрүлдү.

Иш-чарада Афганистан менен байланышкан коркунучтарды эске алуу менен экономикалык оор кырдаалдарда тышкы оюнчулардын активдешүүсүнүн Борбордук Азия мамлекеттерине тийгизүүчү таасирин комплекстүү изилдөө, Афганистандагы жаңы кырдаалда Борбор Азия аймагындагы абалды курчутуп албоо, ошондой эле Афганистандагы ички кырдаалды турукташтыруу маселелери талкууланды.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө Афганистандын “туруксуздук географиясынын” кеңейүү ыктымалдуулугу Борбордук Азия өлкөлөрүн эле эмес, жалпы эл аралык коомчулукту тынчсыздандырууда.

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кыргызстан Афганистан өлкөсүнө жардамын аябашы керек деген пикирде.

“Азыр ал жерде кырдаал абдан оор. Биз колдон келген жардамыбызды берип, талибдердин өкмөтү менен диалог түзүп жатабыз. Дүйнөдө ар кандай кайчы пикирлер айтылууда, эгер мындай позицияны колдобосок Афганистандын ичиндеги кырдаал курчуп, чоң кризисти пайда кылат. Эгер чырга айланып кетсе, бүткүл регионго коркунуч алып келет”, - деди ал.

Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия, Германия, Франция, Иран, Афганистан жана Индиянын алдыңкы эл аралык эксперттери, саясат таануучулар, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Эскерте кетсек, мындай жаңы форматтагы конференция Борбор Азияда алгачкы жолу Кыргызстанда өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий