• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте “АгроТех Экспо-2018” аттуу ири көргөзмө өтөт

Коом 0

Бишкек, 13.11.18. / Кабар/. Бишкекте “АгроТех Экспо-2018” аттуу ири көргөзмө өтөт. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйыны учурунда маалымдады.

Анын айтымында, бул иш-чара эртең башталып, 16-ноябрга чейин уланат. Көргөзмө эски аянтта өткөрүлөт.

“Көргөзмөгө 17 өлкө катышып, 40 ар түрдүү фирма болот. Иш-чарада техника тармагынан машиналар, курулуш материалдары жана башкалар көрсөтүлөт”, - деди Чодуев.

3 күн ичинде иш-чарага 5-7 миң адам келет деп болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий