• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте “АгроТехЭкспо-2018” ири көргөзмөсү өтөт

Коом 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Бишкекте “АгроТехЭкспо-2018” масштабдуу көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялаштыруу жана энергетикалык камсыздоо департаментинин директору Нурлан Кожогулов билдирди.

Анын айтымында, 14нөн 16-ноябрга чейин Айыл чарба министрлиги “Айыл Банк” ААК менен биргеликте Бишкекте “АгроТехЭкспо-2018” республикалык көргөзмөсүн өткөрүүнү пландоодо.

“Бул башкы дүйнөлүк өндүрүшчүлөрдөн агро өнөр жай комплекси үчүн техниканын жана технологиялардын толук секторун тартуулаган Кыргызстандагы жалгыз көргөзмө. Анын максаты Кыргызстандын агрардык потенциалын инвесторлорго көрсөтүү, айыл чарба техникасынын атаандаштык рыногун түзүү, дыйкандардын жаңы агро өнөр жай технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу”, - деди Кожогулов.

Көргөзмө Бишкектин борборунда эски аянтта өтөт. Көргөзмөнүн үч күндүк ишине республиканын бардык облустарынан жана башка өлкөлөрдөн 7 миңден ашуун дыйкан катышары күтүлүүдө.

“Быйыл аянттагы 1 чарчы метр жердин баасын 80 евродон 12 еврого чейин, жабык жерде 390 евродон 50 еврого чейин төмөндөтүштү”, - деп белгиледи директор.

Уюштуруу комитети машинакуруу ишканасынын бардык өкүлдөрүн жана жаңы инновациялык технологияларды, шаймандарды, ветеринардык дары-дармектерди, агрохимикаттарды жана энергетикалык каражаттардын жер семирткичтерин кайра иштетүүчү айыл чарба техникасын жеткирүүчүлөрдү көргөзмөгө катышууга чакырат.

Ал үчүн Айыл чарбасын механизациялаштыруу жана энергетикалык камсыздоо департаментине билдирме берүү керек. Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылса болот: (312) 66 45 09, 62 36 29, 66 44 81.

Пикир

Оставить комментарий