• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте “АгроТехЭкспо-2019” ири көргөзмөсү өтөт

Экономика 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. Бишкекте республикалык "АгроТехЭкспо-2019" масштабдуу көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялаштыруу жана энергетикалык камсыздоо департаментинин директору Нурлан Кожогулов билдирди.

Иш-чара 25-27-сентябрь күндөрү өтмөкчү.

"АгроТехЭкспо-2019" – башкы дүйнөлүк өндүрүшчүлөрдөн агро өнөр жай комплекси үчүн техниканын жана технологиялардын толук секторун тартуулаган Кыргызстандагы жалгыз көргөзмө.

Көргөзмөнүн негизги максаты Кыргызстандын айыл чарба потенциалын инвесторлорго көрсөтүү жана дыйкандардын жаңы агро өнөр жай технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

"Эски аянтта 5 миң чарчы метр аралыкты камтыган көргөзмө өтөт. Ал жерде жаңы дүйнөлүк деңгээлдеги айыл чарба көрсөтүлөт. 3 күн ичинде өлкөнүн бүт аймактарынан 7 миңден ашык адам келээри күтүлүүдө", - деди Кожогулов.

Аталган иш-чара тууралуу толук маалыматты Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Механизациялаштыруу жана энергетикалык жактан камсыз кылуу департаментине төмөнкү номерлер аркылуу кайрылсаңыздар болот: (312) – 66 45 09, 62 36 29. 66 44 81.

Пикир

Оставить комментарий