• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте “АгроТехЭкспо 2021” көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-23-24-октябрь күндөрү Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкек шаарынын эски аянтында “АгроТехЭкспо 2021” көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көргөзмө-жарманкеге 200дөн ашуун алдыңкы кыргызстандык жана чет өлкөлүк айыл чарба техникаларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар катышат.

Көргөзмө-жарманкеге айыл чарба техникалары жана акыркы заманбап айыл чарба технологиялар, айыл чарба жаныбарларынан асыл тукум мал жандыктар жана канаттуулар, мал чарбасында, өсүмдүк өстүрүүдө, кайра иштетүү өнөр жайындагы жаңы технологиялардын түрлөрү жана башкалар көрсөтүлөт.

“АгроТехЭкспо” көргөзмөсү 2012-жылдан бери өткөрүлүүдө. Көргөзмөнүн негизки максаты айыл чарба тармагындагы техникаларды жана өсүмдүктөрдүн сапаттуу үрөнү менен камсыздоо. Ошондой эле дыйкандарды өсүмдуктөрдү зыянкечтерден коргоочу каражаттардын, жер семирткичтердин сапаттуусун колдонууга жана асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө үйрөтүү.

Пикир

Оставить комментарий