• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте аял 5-кабаттан кулап кетти

Кырсык 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. Бишкектин борборунда бир аял 5-кабаттан кулап кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык кечээ, 18-июлда болжол менен саат 09:20да Токтогул көчөсүндө болгон. Анда болжол менен 25-30 жаштагы азиат улутундагы аял 5-кабаттан 1-кабаттын тосмосуна кулаган.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар аялды түшүрүшүп, тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда анын өздүгү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий