• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте аял пластикалык операциядан соң көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Бишкекте аял пластикалык операциядан соң (липосакция) көз жумду.

“Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бейтап жеке клиникадан Улуттук госпиталга оор абалда түшкөн.

«Көрүлгөн чараларга карабастан, ал каза болду. Тиешелүү экспертиза дайындалды, укук коргоо органдары тарабынан баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде, милициянын басма сөз кызматы бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбашы) боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий