• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте аялдамаларды оңдоо-түзөө иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. Свердлов райондук администрациясы Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен биргеликте 2017-жылга аялдама комплекстерин оңдоо планын иштеп чыккан. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, азыркы учурда райондун 35 аялдама комплексин ижарага алгандар өздөрүнүн эсебинен боеп, тазалап, аталган объектилердин айлана-тегерегин жакшыртуу менен алектенүүдө.

Жакын арада аялдамаларга таштанды челектер жана отургучтар орнотулат. Мындан тышкары, зарылчылык болгон жерлерге оңдоо иштери жүргүзүлөт. Иштелип чыккан планга ылайык, аялдама комплекстерин оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылы сентябрь айына бүтүрүү пландалууда. Учурда Чыгыш-5, Абдрахманов-Бөкөнбаев жана Москва-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамаларды оңдоо иштери бүтүү алдында турат.

Пикир

Оставить комментарий