• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте аялдар ишкердигин өнүктүрүүнү чагылдырууда ЖМКнын ролу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Бишкекте «Демилгелүү айымдар» Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту азайтуу Коалициясы жана журналисттер аялдар ишкердигин өнүктүрүүнү талкуулашты.

Коалициянын маалыматына караганда, тегерек столдо Коалиция менен массалык маалымат каражаттарынын сөз болуп жаткан тема боюнча кызматташуу жолдору, аялдардын ишкердиги темаларын чагылдырууда журналисттердин ролу, катышуучулардын ортосунда эффективдүү коммуникация системасын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

"Коалиция мүчөлөрү менен ЖМК өкүлдөрүнүн ортосунда суроо-жооп, талкуу орун алып, айымдардын ишкерлигин жайылтуу боюнча маселелер кызуу талкууланды. Иш-чарага катышкан журналисттер темага байланыштуу өз ойлору, идеялары жана сунуштары менен бөлүшүштү. Тактап айтканда, керектүү материалдарды ала турган база түзүү, бул багытта иштеген уюмдар менен кызматташтыкты бекемдөө, аймактардагы ишкер айымдардын позитивдүү тажрыйбалары жана туш болуп жаткан актуалдуу көйгөйлөрү менен соц тармакта активдүү бөлүшүү ж.б көп сунуш-пикирлер айтылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда аялдардын экономикалык активдүүлүгүнүн деңгээли 43%ды гана түзөт. Ишкер аялдар стереотиптер, социалдык жана экономикалык ж.б. ар кандай тоскоолдуктарга туш болушат.

Статкомдун маалыматы боюнча, учурда юридикалык жак катары катталган кичи жана орто ишканалардын жетекчилеринин арасында аялдардын үлүшү чакан ишканаларда 30%ды, орто ишканаларда 43,5%ды түзөт. Жеке ишкерлердин арасында аялдардын үлүшү 35%ды түзөт. Эгерде акыркы 10 жылдын ичинде жеке ишкердик менен алектенген эркектердин саны дээрлик 100 миң адамга өссө, өз алдынча иштеген аялдардын саны дээрлик өзгөргөн жок\

Пикир

Оставить комментарий