• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте аялдарга карата зомбулукка каршы митинг болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 10.03.20 /Кабар/. Бүгүн, 10-март күнү аялдарга карата зомбулукка каршы жана алардын укуктары үчүн тынчтык акциясы болуп өттү.

Бул акция 8-март күнү, Аялдардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн митингде активисттердин кармалышына карата реакция болду. Көптөр митингдин өтүшүнө тоскоолдук жаратып, анын катышуучуларына кол салган адамдардын кармалбагандыгы нааразы болууда.

Акциянын жүрүшүндө бир катар талаптар айтылды: Свердлов райондук милициясынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу, 8-марттагы окуя боюнча иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялоо, ошондой эле мамлекеттик ММКларды бейтарап маалымат берүүгө милдеттендирүү.

Акцияга жалпы 500гө жакын киши келди.

Эскерте кетсек, 8-март күнү Bishkek Feminist Initiatives уюму тилектештик жүрүшүн өткөрүүнү көздөгөн. Бирок, жүрүшкө чагымчыл салган адамдар келип, жүрүш болгон эмес. 50гө жакын киши (негизинен жүрүштүн катышуучулары) кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Кийинчерээк алар кое берилген. Жүрүштүн катышуучулары алар ар кандай жаракат алгандарын айтышат.

Активисттер ИИМ жана Бишкек шаардык милициясынын башчыларынын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Пикир

Оставить комментарий