• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте аялын ур-тепкиге алган киши 7 суткага камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Бишкектин Ленин райондук соту аялын ур-тепкиге алган эркек киши 7 суткага камады.

Агенттикке аталган райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Жоруктар жөнүндө кодексинин 70-беренеси (“Үй-бүлөлүк зомбулук”) боюнча Ленин райондук соту 30 жаштагы А.Д.ны күнөөлүү деп табуу чечимин кабыл алып, 7 суткага камакка алуу өкүмүн чыгарган.

Ошондой эле жабырлануучу Э.М.ны Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматы тарабынан каргоо чечими кабыл алынды.

Эске салсак, Бишкекте 30-январда саат 23:00дөр чамасында өтүп бара жаткандар Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде күйөөсү аялын сабап жаткандыгы тууралуу милицияга билдиришкен.

Аялы күйөөсү боюнча милицияга жазуу жүзүндө арыз берүүдөн баш тартып, эч кандай дооматы жок экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий