• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Аида Салянованын бир тууган инисин атып кетишти

Кырсык 0

Бишкек, 06.11.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Бишкекте бүгүн түнү депутат, мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси – Улан Саляновду атып кетишти. Бул тууралуу депутаттын жактоочусу Улан Жумаков өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыккан.

“Беткап кийген белгисиз бирөөлөр тарабынан ЖКнын депутаты Аида Салянованын инисине кол салуу болду. Ага ок чыгарылып, алган жаратынан улам 1975 жылы туулган Салянов Улан Женишбекович окуя болгон жерде каза болду. Беткап кийген белгисиз адамдар ошондой эле маркумдун баласы Абайды уурдап кетишип, белгисиз жакка алып кетишкен. Милиция учурда кылмышка шектүүлөрдү издөөнү баштады”,-деп жазат жактоочу.

Кийинчерээк ал билдиргендей, кийинчерээк баласы табылган.

Укук коргоо органдарынан кабарлашкандай, маркумдун туугандары кийинчерээк көрсөтмө беришкен.

“Болжол менен түнкү саат бирлер чамасында белгисиз беш адам үйгө кирип келишип, акча талап кыла башташкан. Улан Салянов алар менен кармаша кеткен. Ок чыгарылган. Ошол учурда 17 жаштагы Саляновдун баласы Абай үйдөн чуркап чыгып кеткен. Алгач туугандары аны уурдап кетишкен деп шектенишкен, бирок кийинчерээк ал табылган”,-деп кабарлашты милициядан.

“Кабар” агенттигине ИИМден болгон окуяны тастыкташып, учурда иликтөө иштери жүрүп, шектүүлөр изделүүдө деп кабарлашты. “Кийинчерээк толук маалымат беребиз”,-деп билдиришти ИИМден.

Пикир

Оставить комментарий