• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте айдоочу 21 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти

Коом 0

Бишкек, 21.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Чүй проспектисиндеги ЖЭБнун аймагында адамдар өтүүчү өтмөктөн 21 жаштагы кызды унаа коюп кетти. Бул тууралуу КР ИИМ Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 19-декабрда күндүзү катталган. Toyota Windom унаасын 22 жаштагы бала башкарып бара жаткан.

Кырсыктан жабыркаган кыз оор жаракат алып, ооруканага кайрылган. Ага баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Унаа айып пул төлөөчү жайына токтотулду.

Иликтөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий