• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте айдоочу 7 жашар кызды сүзүп, кыз каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Бишкекте айдоочу 7 жашар кызды сүзүп, кыз каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалыктан билдиришкендей, 17-июнь күнү саат 20:30да белгисиз бирөө Бишкектин Каралаев көчөсүндө бара жатып, жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Айдоочу окуя жеринен качып кеткен.

Жол кырсыгынан алган жаракаттардан улам 7 жашар кыз каза болгон.

Кийинчерээк айдоочу аныкталган – "Ауди ТТ" үлгүсүндөгү унааны башкарган 23 жаштагы М.И. кармалган.

Унаа айып токтотуу жайына коюлган.

Чогултулган материалдар Бишкек ШИИБнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий