• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте айдоочу аял автоинспектордун унаасын сүзүп алды

Кырсык 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Бишкекте “Subaru” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу автоинспектор кызматкерлеринин унаасын сүзүп алды. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине милициядан тастыкташты.

Жол кырсыгы бүгүн, болжол менен саат 8:40та Суеркулов жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. “Subaru” унаасын 44 жаштагы аял башкарып келе жаткан.

“Кырсыктын натыйжасында эч ким жабыркаган жок. Медициналык экспертиза эки айдоочу тең соо абалында болгондуктарын көрсөткөн”, - деп билдиришти милициядан.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий