• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте айдоочу аялдамадагы адамдарды сүздү. Үч бала жана кош бойлуу келин жабыркаган

Коом 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Бишкектеги "Чыгыш-5" кичирайонунда унаа аялдамада турган адамдарды сүзгөн.

Бишкектин ыкчам медицина борборунун башкы дарыгеринин орун басары Егор Борисов "Кабар" агенттигине билдиргендей, жол кырсыгынын жыйынтыгында 4 адам жабыркаган: 3, 4 жана 9 жаштагы балдар жана кош бойлуу аял.

Анын маалыматына ылайык, балдар Бишкек шаардык клиникалык балдар ооруканасына жеткирилген. Алардын бары баш сөөгүнөн жабыркашкан. Ал эми 30 жаштагы кош бойлуу аял ылдыйкы бөлүгүнүн жумшак ткандары жана жамбаш бөлүгү көгала деген диагноз менен шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий