• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте айдоочу бакты сүзүп, бир аял жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Бишкектеги Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Volkswagen Golf үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен бир аял жабыркаган.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары барып, жабыркаган жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий