• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте айдоочу эки журналистти койдуруп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 05.11.18 /Кабар/. Бишкекте айдоочу Kaktus.media порталынын эки журналистин унаасы менен сүзүп кеткен. Жол кырсыгы 2018-жылдын 2-ноябрында Бишкектеги Абдрахманов жанан Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде катталган, - деп жазат Kaktus.media порталы.

"2-ноябрда болжол менен саат 09:00дөр чамасында Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде күмүш түстөгү "Лексус" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Kaktus.media порталынын журналисти Айдана Абдуваитова менен сайттын негиздөөчүсү Дина Маслованы койдуруп кеткен. Кийинчерээк маалым болгондой унааны КРнын Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу мамлекеттик комитетинин экс-башчысы Дүйшөнбек Зилалиевдин мурдагы жардамчысы Манас Балтабаев башкарып бара жаткан", - деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, журналисттер жумушка бара жатышкан. Дина Маслова эч кандай жаракат алган эмес, ал эми журналист Айдана Абдуваитованын буту сынган. Учурда Абдуваитова ооруканада, бир нече күндөн кийин ага операция жасалат.

Пикир

Оставить комментарий