• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте айдоочу кайгуул кызматынын кызматтык унаасын сүзүп алды

Кырсык 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Бишкекте айдоочу кайгуул кызматынын кызматтык унаасын сүзүп алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 24-мартта болжол менен саат 16:30дар чамасында Ford Focus үлгүсүндөгү автоунаа Фрунзе көчөсү менен күн батышты көздөй бара жатып Ибрагимов көчөсүнүн кесилишинен милициянын кайгуул кызматынын кызматтык унаасын сүзүп алган.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, жабыркагандар жок.

Учурда эки унаа тең убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат.

Пикир

Оставить комментарий