• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте айдоочу кемпирди өлтүрө сүзүп кеткен

Кырсык 0


Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-мартта саат 07.30дар чамасында Бишкектеги Лев Толстой жана Бах көчөлөрүнүн кесилишинде унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ниссан" автоунаасын башкарып келе жаткан А.М. аттуу айдоочу жолдон өтүп бараткан 1943-жылкы аялды сүзүп кеткен. Ал алган жарааттан улам окуя болгон жерде көз жумган.

Азыркы учурда жеринде Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий