• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте айдоочу кыз жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Видео

Кырсык 0


Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 5-мартта Бишкектеги Аалы Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 14:00дө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Ниссан Сефиро" автоунаасынын 30 жаштагы Э.А., аттуу кыз башкарып бараткан. Ал жол өтмөгүнөн өтүп бара жаткан 21 жаштагы Б.Г., аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Жабыркаган жаран ооруканага жеткирилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикир

Оставить комментарий