• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте айдоочу сүзүп, качып кеткен окуучулардын абалы оор

Кырсык 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. Бишкекте 13:35 чамасында Ремесленная жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес-Бенц унаасы 3-класстын эки окуучусун сүзүп, качып кеткен.

Патрулдук милиция башкармалыгы билдиргендей, окуя болгон жерге келген патрулдук кызматкерлер жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгүндө Мерседес-Бенц маркасындагы кара түстөгү унаа №74 мектептин 3-классынын 2 окуучусун сүзүп, качып кеткенин аныкташкан. Жабыркаган балдар №3 шаардык балдар ооруканасына жеткирилген.

Ыкчам-издөө чаралары жүрүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинен балдардын абалы оор экендигин билдиришти.

Маалымдалгандай, окуучулар тез жардам кызматы менен жеткирилген. Эки бала тең жалпы реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

Балдардын бирине коюлган диагноз: Баш мээсинин чайкалуусу. Сол ийнинин жабык сыныгы. Ич көңдөйүнүн жарылышы. Бир нече органдарынын жаракаты. Бетинин жана оң колунун сыйрылуусу.

Экинчи окуучунун диагнозу: Орто оордуктагы баш мээсинин чайкалуусу. Эки бутунун жабык сыныгы. Моюн омуртка бөлүмүнүн жабык сыныгы. Ич көңдөйүнүн жарылышы. Сол санынын айрылган жаракаты.

Пикир

Оставить комментарий