• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте айдоочу өз жүргүнчүсүн сабап, тоноп кеткен

Коом 0

Бишкек, 10.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте айдоочу өз жүргүнчүсүнө күч колдонуп уюлдук телефон менен акчасын тоноп кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 6-январда болгон. Айдоочу менен жүргүнчүнүн ортосунда чыр чыгып, натыйжада экинчиси биринчисине күч колдонуп, телефон менен акчасын тоноп кеткен. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 30 миң сом.

Свердлов райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 29 жаштагы эркек киши кармалган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий