• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте айдоочу Өзбекстандын эки жаранын сүзүп алды

Кырсык 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Бишкекте "Лексус" унаасынын айдоочусу Өзбекстандын эки жаранын сүзүп алды. Бул маалыматты "Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 21-февраль күнү болжол менен саат 12:50 23 жаштагы Б.А. "Лексус" унаасы менен Чыңгыз Айтматов проспектиси менен бара жатып, Славян көчөсүнүн кесилишинде жөө адамдарды сүзүп алган.

Жол кырсыгында жаракат алгандар - 34 жаштагы Е. Д. жана 58 жаштагы М.Н. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна кайрылышкан.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, жаракат алгандар Өзбекстандын жараны болушат.

Пикир

Оставить комментарий