• 84.45
  • 88.96
  • 1.37

Бишкекте айдоочу жөө өтмөктөн адамды сүзүп, кетип калган – видео

485 кароо Кырсык 0


Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Бишкекте айдоочу жөө өтмөктөн адамды сүзүп, кетип калган.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 26-сентябрда саат 16:20лар чамасында белгисиз унаанын айдоочусу Ибраимов менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде адамды сүзүп алган. Жол кырсыгынан Т.Н. аттуу кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Hyundai Sonata унаасынын И.Т. аттуу айдоочусу шектүү катары кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Пикир

Оставить комментарий