• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте айдоочу жөө өтмөктөн кош бойлуу аялды сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Бишкекте Ауэзов көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктө “Мерседес” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусус кош бойлуу аялды сүзүп кетти.

“Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кырсык бүгүн саат 07:00дө катталган.

1995-жылкы жабырлануучу №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Айдоочу кармалып, бардык материалдар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Тергөө иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий