• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте айдоочу жөө өтмөктөн кызды сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Фрунзе-Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде 19-майда болжол менен саат 09:30да айдоочу жөө өтмөктөн кызды сүзүп кетти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашкандай, "Хонда Одиссей" автоунаасын башкарып келе жаткан Э.Б., аттуу айдоочу А.А., аттуу кызды сүзүп кеткен. Жабыркаган кыз №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Автоунаа айып жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий