• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте айдоочу жолго чуркап чыккан баланы сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек,15.03.22. /Кабар/. Бишкектин Жал кичирайонундагы Тыналиев көчөсүндө Hyundai автоунаасынын айдоочусу жолго чуркап чыккан баланы сүзүп кетти.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, жол кырсыгы болжол менен саат 16:00дө катталган.

«Hyundai Getz автоунаасынын айдоочусу жөө өтмөк жок жерден жолго чуркап чыккан баланы сүзүп кеткен», - деп айтылат маалыматта.

Учурда кичинекей баланын абалы канааттандырарлык, автоунаа айып короосуна киргизилген, териштирүү иштерүү жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий