• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте айдоочулар жол талашып, бири экинчисине ок чыгарды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте эки айдоочу жол талашып, ортодо чыр чыгып, бири экинчисине ок аткан.

Милициядан кабарлашкандай, окуя кечээ, 21-сентябрда болжол менен саат 21:00 чамасында Ахунбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

“Хонда Фит” жана “Мерседес” унааларынын айдоочулары жол талашып, ортодо чыр чыккан. Биринчи унаанын айдоочусу тапанчасын алып чыгып, аттаандашынын ийинине аткан. Жарат анчалык оор эмес”,-деп кабарлашты шаардык ИИБнан.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келишип, эки айдоочуну тең кармап кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий