• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте айфон уурдоого шектелип 35 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. Бишкекте айфон уурдоого шектелип 35 жаштагы жаран кармалганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-декабрда саат 13:45тер чамасында "102" кызматына Жибек-Жолу көчөсүндө адам тонолгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 13:30да Жибек-Жолу көчөсүнөн С.И аттуу жарандын О. аттуу таанышы ага карата күч колдонуп, баасы 14 миң сом турган айфон-7 үлгүсүндөгү телефонун тартып алган.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Б.О. аттуу жаранды кармашкан.

Шектүү Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Аталган факты боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий