• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Менин Айтматовум": Бишкекте айкелчи Маматованын чыгармачыл көргөзмөсү өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Бишкекте таланттуу айкелчи Тамила Маматованын VII “Менин Айтматовум” аттуу скульптура көргөзмөсү өтөт.

Маалыматка ылайык, көргөзмө Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде 12-28-декабрь күндөрү өтөт.

Көргөзмө “Реализм” стилинде болуп, кыркка жакын чыгармалар көрсөтүлөт. Аталган көргөзмөдө жумуштардын негизги багытын Айтматов жана анын чыгармалары түзөт.

Скульптор өзүнүн скульптураларында ар түрдүү материалдарды колдонот.

Эске сала кетсек, Тамила Маматова 2007-жылдан тарта 6 көргөзмө уюштурган. “Кеч”, “Айкөл Манас”, “Афродита”, “Сүйүп калган” жана “Көөкөр” аттуу симпозиумдары Италия, Түркия, Казакстан жана Кыргызстанда тартууланган.

Пикир

Оставить комментарий