• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте айрым маршрут айдоочулары жол акысын өз билемдик менен кымбаттатышты. Мэрия эмне дейт?

Коом 0

Бишкек, 05.06.21. /Кабар/. Бишкекте жол кире акысын өз билемдик менен 15 сомго кымбаттаткан маршрут айдоочулары КР мыйзамдарына ылайык жооп берет, деп билдирди мэриядан.

Алардын маалыматы боюнча, жол кире акысы Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылы 26-апрелиндеги «Бишкекте коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуа ылайык, мурдагыдай эле – 10 сомду түзөт.

«Урматтуу шаардыктар кичиавтобустардын айдоочуларынын тарифтерди кымбаттатуусуна күбө болсоңуздар, 0554 182 185 ватсап номери аркылуу видеофакт жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз»,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий