• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте айрым троллейбус каттамдары түшкө чейин жүрбөйт

Коом 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Бишкекте айрым троллейбус каттамдары түшкө чейин жүрбөйт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин өкүлдөрүнүн келишине байланыштуу саат 09:30дан 11:30га чейин Бишкектин Манас-Чыңгыз Айтматов проспектиси убактылуу жабылат.

“Жолдун убактылуу жабылышына байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын буйругу менен №5, 6, 11, 14 троллейбустук каттамдар убактылуу акыркы аялдамада болот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий