• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте айрым уюмдар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузууда

Коом 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын тобу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана талаптардын аткарылышын камсыздоо максатында рейддерди күчөтүштү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, күндүз инспекторлор бардык супермаркеттерге, гипермаркеттерге жана соода борборлоруна, ал эми түнкүсүн кафе-ресторандарга рейд өткөрүшөт.

"Бет каптардын, кире бериштеги дезинфекциялык килемдердин, антисептикалык каражаттардын, кызматкерлердин ден соолугунун абалы жөнүндө журналдын жоктугуна байланыштуу, "Шашлык парк", "Кут Ордо", "Sky berry", "Первый сырный", "Фуд рим", "Тополек" тамактануу жайларына, "Ак-Босого" жаңы конушундагы "Глобус", Панфилов көчөсү №62 дарегиндеги "Народный" гипермаркеттерине жана "Юнион Парк" компаниясына айыппул салынды. Бардык мыйзам бузуучулар КР "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 293-беренесине ылайык, жеке адамдарга - 3 миң сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом айыппул төлөшөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий