• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте айт намазы эски аянтта өтөт

Коом 0

Бишкек, 21-июнь /Салтанат Абдраева-Кабар/. Айт намазы адаттагыдай эле эски аянтта окулат.

25-июнда айт намазы эски аянтта окулаарын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы “Кабар” агенттигине кабарлады. Бирок Бишкек шаардык мэриясы тарабынан уруксат керектигин айтты.

Өз кезегинде, мэрия тарабынан айт намазы 25-июнь күнү эртең менен эски аянтта окулаары “Кабар” агенттигине маалымдалган.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын программасына ылайык, 25-июнь күнү саат 06:30 дан тартып имам тарабынан хадистер окулуп, даават айтылат. Саат 07:00 де Максат Ажы Токтомушевдин куттуктоо сөзүнөн кийин өкмөт башчыларынын куттуктоосу айтылып, туура 07:30 да айт намазы окулат.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы майрамдык айт намазын жамаат менен окууга жүз миңден ашык адам келет деген үмүттө.

Пикир

Оставить комментарий