• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “Айтматов жөнүндө сөз: Улуу инсан жана коомдук ишмер” аттуу эскерүү кечеси өтүүдө

Коом 0


Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында таланттуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Айтматов жөнүндө сөз: Улуу инсан жана коомдук ишмер” деген аталыштагы эскерүү кечеси өтүүдө.

Эскерүү кечесине жазуучу Султан Раев, маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, экс-премьер-министр Темир Сариев, жогорку окуу жайларынын филологдору, академиктери, профессорлору, Улуттук илимдер академиясыны кызматкерлери жана башкалар катышууда.

Министрдин орун басары жазуучу менен алгачкы жолуккандагы таасири менен бөлүшүп кетти.

“Айтматов аалам сыяктуу. Аны айтып бүтүү мүмкүн эмес. Замандаштары да аны дагы деле ачып бүтүрө элек. Мындай иш-чаралар абдан маанилүү, жазуучуну көргөндөр ал тууралуу эскеришсе өсүп келе жаткан муундар дагы да таасирленишет. Мен Айтматов менен 2003-жылы Түркияда таанышкам. Ошондо түрктөр мени жазуучунун жардамчысы деп ойлоп калыптыр. Кол тамгасын мен аркылуу алып жатышты. Ошентип экөөбүз жакын болуп кеттик”, - деп эскерет Нуржигит Кадырбеков.

Кыргыз-орус славян университетинин филология кафедрасынын башчысы Аскар Какеевдин айтымында, Айтматовдун чыгармаларында адам менен ааламдын ортосундагы байланыштар чагылдырган.

“Айтматовдун туулган күнү биз үчүн ыйык күндөрдүн бири. Анткени ал кыргыз элин дүйнөгө тааныткан улуу инсан. Анын “Бетме бет”, “Деңиз боюн жорткон ала дөбөт” чыгармасы мага өтө жагат. Жазуучунун чыгармаларында адам менен ааламдын ортосундагы байланышты, адамдын өлүмү, адамдын махабаты жөнүндө кайталангыс улуу эмгектерди жараткан”, - деп белгиледи академик Аскар Какеев.

Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкери Жылдыз Тургунбаеванын айтуусунда, бүгүнкү кечеге жазуучу менен чогуу иштеген замандаштар чакырылган.

“Чыңгыз Айтматов менен учурунда чогуу иштешип калган көрүнүктүү ишмерлерди чакырдык. Айтматов жалаң гана көркөм дүйнө менен алпурушуп калбай, коом менен тыгыз байланышта болуп келген. Алгач 1960-жылдары “Правда” гезитинин кабарчысы болуп иштеген. Айтматовдун коомдук ишмердүүлүгү катары элчи болгонун айтса болот. Ошондой эле көптөгөн уюмдарда иштеп келген”, - деди Тургунбаева.

Пикир

Оставить комментарий