• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш чаралар өткөрүлдү - фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду.

Мамлекет башчысы жана аны коштогондор 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелигине, 1916-жылдын курмандыктарынын монументине жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын курмандыктарынын мемориалына дагы гүл коюшту.

Андан соң Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйын болуп, Президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөдү.

Иш чара чоң концерттик программа менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий