• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “Айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30%дык квота” аттуу аялдар форуму өтөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.03.18 /Кабар/. 2018-жылдын 6-мартында Жогорку Кеңештеги жыйындар залында "Айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30%дык квота" аттуу Кыргызстан аялдарынын улуттук форуму өтөт. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан келген 100дөн ашуун жергиликтүү кеңештин аял депутаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Өкмөт менен бир катар коомдук-бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Форумдун катышуучулары бойго жетпеген өспүрүмдөр арасындагы никеге тыюу салуу маселесин жана айылдык кеңештерде аялдар үчүн бөлүнгөн квота көйгөйүнө тиешелүү мыйзам долбоорун талкуулашат.

Форум 6-мартта саат 09:00дө башталат. Ушул эле күнү саат 13:30да У.Салиеванын эстелигине гүлчамбарларды коюу иш-чарасы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий