• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте ак илбирске арналган марафон өтүп, 1 млн сом чогулду

Коом 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Бишкекте өткөн "Ак илбирсти сактайлы" кайрымдуулук марафонунан 1 миллон 426 миң 700 сом чогулган. Бул жалпы сумманын 50%ын түзөт.

Уюштуруучулардын айтымында, марафонго 20 өлкөдөн келген 4 миң жөө күлүк катышкан. Чогулган акча ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык программага жана анын экосистемасына бөлүштүрүлөт.

"Бардык топтолгон акчага 40-45 фототузак сатып алынат. Анын ар бири 450 доллар турат. Фототузактарды алгандан кийин биз аны GSLEPге өткөрүп беребиз. Алар өз учурунда "Ала-Арча" мамлекеттик паркына орнотушат", - дейт Nomadsportтун өкүлдөрү.

Топтолгон акчанын жалпы суммасы 2 миллион 853 миң 400 сом.

Пикир

Оставить комментарий