• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Ак калпак жана улуттук кийим – улуттун жүзү” көргөзмөсү жана поэзия кечеси өтөт

Маданият 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Эртең, 5-мартта Алыкул Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасында Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата “Ак калпак жана улуттук кийим – улуттун жүзү” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана поэзия кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көргөзмөгө коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, студенттер, окурмандар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Иш-чара саат 11:00дө башталат.

Калпак – бул эркектердин салттуу баш кийимдеринин ичинен башкысы болуп саналат. Көптөгөн кылымдар бою кыргыз эли баш кийимди ыйык санап келет. Манас бабанын мезгилинен бери анын формасы өзгөргөн эмес жана көп кырдуу мааниге ээ болуп, Ала-Тоонун ак карлуу чокуларын, кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн аруулугун жана кооздугун чагылдырып турат.

Пикир

Оставить комментарий