• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

USAID Бишкектеги ооруканаларга COVID-19 менен күрөшүүгө жеке коргонуу каражаттарын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Бишкектеги эки ооруканага жеке коргонуу каражаттарын жана медициналык буюмдарды тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан Улуттук госпиталга жана Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына 19 миң жуп кол кап, 5 миң респиратор, 960 коргоочу көз айнек, тайып кетүүгө каршы 10 миң бут кийим каптары, пациенттерди тейлөө үчүн 50 кардиостимулятор берилди.

Белгиленгендей, 1 миллион сомдон ашык суммадагы медициналык шаймандар АКШнын Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөшүүдө көмөк катары берилди.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Токтобай Маанаевдин айтымында, мындай колдоо пандемия менен күрөшүүдө өтө маанилүү. "Дарыгерлер үчүн тренингдер, медициналык жабдуулар жана шаймандардын жардамы менен биз акыркы толкундарда өлүмдүн деңгээлин бир топ төмөндөтө алдык", - дейт Токтобай Маанаев.

Мындан тышкары, июль айында USAID COVID-19 менен ооругандардын саны көп болгон беш ооруканага заманбап жабдууларды жана башка шаймандарды берген. Алардын арасында COVID-19 оор учурларынан бат диагноздоо жана дарылоо үчүн маанилүү кычкылтек концентраторлор, ларингоскоптор жана башка керектүү жабдуулар бар.

USAIDдин башчысынын милдетин аткаруучу Кит Симмонс COVID-19 глобалдык жана Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системалары үчүн да олуттуу көйгөй бойдон кала берерин баса белгиледи. "Биз бардык медициналык кызматкерлерге бул пандемия учурунда берилгендиги жана күжүрмөн эмгеги үчүн ыраазыбыз. Ал эми USAID Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүүнү мындан ары улантат», - деди Кит Симмонс.

Пандемия башталгандан бери USAID КРга өлкөнүн COVID-19 менен күрөшүү аракеттерин колдоо үчүн 7 миллион доллардан ашык каражат бөлдү.

Пикир

Оставить комментарий