• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте Аксы окуясында жана Апрель революциясында каза болгондордун элесине арналган Курултай өттү

Коом 0

Бишкек, 17.03.18. /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Калаадагы “Медиа Форум” имаратынын алдындагы “7-апрель” скверинде Аксы окуясында жана Апрель революциясында каза болгондордун элесине арналган Курултай өттү.

Курултай каза болгондордун элесин эскерип, кыргызстандыктар кандай кызынчылыктар менен эки үй-бүлөлүк башкаруу режисинен арылып, туруктуулукка жетишкендигин эске салуу максатында өткөрүлдү.

“Биз Курултайдын катышуучулары Аксы окуясы жана Апрель революциясы маалымда биздин мекендештерди үй-бүлөлүк башкаруу режими каза кылгандыгын эскерүү үчүн бул жерге чогулдук. Акыркы 8-жылдын аралыгында Атамбаевдин саясатынан (экс-президент Алмазбек Атамбаев) улам биз туруктуулукка жетиштик жана Кыргызстан өнүгө баштады”,-деп билдирди “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмунун төрагасынын орун басары Амантур Жамгырчиев.

Ал билдиргендей, Кыргызстанда электр жарыгын өчүрүүнү токтотулуп, жолдор курулууда.

“Бизге коңшу өлкөлөр суктана баштады. Кыргызстандыктар өз өлкөсү менен сыймыктана башташты. Биз дагы ошол жылдар аралыгында туруктуулук, чагымчылдык жана экстремисттер менен күрөшкөнүбүзгө сыймыктанабыз”,-деп билдирди ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө жарандык активисттер, коомдук ишмерлер сөз сүйлөп, андан соң, Куран окулду.

Пикир

Оставить комментарий