• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте актёр жана режиссер Марат Козукеевдин жаркын элесине арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Үстүбүздөү жылдын 8-декабрында КРнын эмгек сиңирген артисти, актёр, режиссер Марат Козукеев эскерилди, - деп билдирет Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чара министрликтин колдоосу менен өтүп, Марат Козукеевдин жаркын элесине арналган илимий практикалык конференция болуп өттү.

Марат Козукеев 1970-жылы чыгармачыл үй-бүлөдө жарыкка келген. Атасы Жумабек Козукеев Кыргыз драма театрында актёр болсо, апасы Кандалат Муратова режиссёрдун жардамчысы болуп пенсияга чыкканча ушул театрда иштеген.

1988-1992-жылдары Ленинграддагы Черкасов атындагы театр, музыка жана кинематография институтунун актёрдук факультетин бүтүрүп келип, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында иштеп, кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына ишке кирген, ал жерде өмүрү өткүчө эмгектенген.

Аталган театрдын көркөм жетекчиси катары иш алып барып, театр актёру катары көптөгөн спектаклдерде роль жаратуу менен бирге «Аталар керээзи», «Гаишниктер», «Саманчынын жолу», «Кокуй кошуна» сыяктуу тасмаларда роль жараткан.

Марат Козукеев 47 жаш курагында кант диабетинен каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий