• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте актриса Жамал Сейдакматованы эскерүү кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар актриса Жамал Сейдакматованы эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Эскерүү кечесине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, Улуттук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев жана башка белгилүү коомдук ишмерлер катышты.

Министрдин орун басары өз сөзүндө Жамал Сейдакматова кыргыз маданиятына сиңирген опол-тоодой эмгегинен сырткары жүздөгөн шакирттерин тарбиялап, артына өчпөс из калтырып кеткенин, залкарыбыздын жолун улаган шакирттери анын эмгегин жана инсандыгын даңазалай берерине ишенерин белгиледи.

Эске сала кетсек, Жамал Сейдакматова 2021-жылдын 16-февралында 82 жаш курагында акка моюн сунган.

Кыргыз кино жана театр өнөрүнө опол тоодой зор салым кошкон Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Темир айылында туулуп-өскөн.

Пикир

Оставить комментарий