• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте акын Ж.Турусбековго арналган көргөзмө ачылды

Маданият 0

Бишкек, 29-март /Роман Гайнанов – Кабар/. А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасында белгилүү кыргыз акыны жана драматург Жусуп Турусбековдун чыгармачылыгына арналган «Акын жүрөгү түбөлүктүү өчпөс от» китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашеванын айтымында, кыргыз эли акын жана драматург Жусуп Турусбековдун жаркын элесин аяр сактап келет. “Акындын чыгармачылык ишмердиги 1928-жылы анын “Ленин жолу” деген алгачкы ырынан башталган. Анын көптөгөн ырлары элдикке айланган (“Кара көз”, “Жол ыры” ж.б.). Жусуп Турусбековдун кыргыз драматургиясына кошкон салымы чоң. Кыргыз драматургиясынын алтын фондуна анын 1916-жылдагы окуяларды чагылдырган “Өлүм эмес, жашоо”” драмасы кирген. Согуштун башында ал Совет өлкөсүндөгү гитлердик баскынчылардын аракеттерин ашкерелеген ондогон публицистикалык макалаларды, ырларды жазган. 1943-жылы таланттуу журналист жана акын фронтто фашисттер менен салгылашта курман болгон”, - деди ал.

Китеп-сүрөт көргөзмөдө Ж.Турусбековдун өмүр жолун чагылдырган китептер, гезиттик жана журналдык макалалар, сүрөттөр коюлган.

Анын ачылышына коомдук, илимий жана маданият ишмерлери, жазуучулар жана акындар, Ж.Турусбековдун туугандары, ЖМК өкүлдөрү жана ЖОЖдордун студенттери катышты.

Пикир

Оставить комментарий