• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдө

Саясат 0

БИШКЕК, 16.08.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын биргелешкен тар чөйрөдөгү жыйыны өтөт.

Күн тартибине ылайык, андан соң сүйлөшүүлөр кеңири форматта улантылат.

Андан соң жыйынтык документтерге кол коюлуп, делегация башчылары ЖМК өкүлдөрү менен жолугушат.

Эскерте кетсек, буга чейинки өкмөттөр аралык жыйын 2009-жылы болгон.

Пикир

Оставить комментарий