• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте акыркы бир күндө 368 адам коронавируска чалдыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Бишкекте акыркы бир күндө 368 адам коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, өткөн суткада 4 адам илдеттен көз жумду.

“368 адамдын ичинен 344үндө оорунун белгилери байкалса, 24үндө белгилер байкалган эмес. Үй шартында 312 адам, ооруканада 56 бейтап дарыланууда. Коронавирус жуктуруп алгандардын 50%ы жумушсуз жарандар.

Пикир

Оставить комментарий