• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте акыркы эки күндө сууктан 3 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Бишкекте 25-26-ноябрда сууктан селсаяк болуп жүргөн 3 адам каза болгонун Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10 күн ичинде тез жардам кызматы тарабынан 11 адам социалдык баш калкалоочу жерлерге жана ооруканага жеткирилген.

"Ошондой эле эки күн аралыгында шаардык өлүкканага 12 селсаяктын сөөгү алынып келинген. Алардын үчөөсү сууктан каза болгондугу аныкталган. Калгандар ар кандай себептен көз жумган", - деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

Пикир

Оставить комментарий